7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта чоң муштум күйөөсүнүн айынан дагы бир аял көз жумду

2826

Сокулук районунда аялдын өлүмүнө шектелип анын жолдошу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү Сокулук РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага денесине ар түрлүү жаракат алып, бир аял жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Териштирүү учурунда, ал 1980-жылы туулган К.Э. экендиги такталып, ал эсине келбей ооруканада каза болгон.

«Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Саламаттыкка оор зыян келтирүү) боюнча катталды. Ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын күйөөсү 1973-жылы туулган Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, күйөөсү мас абалында болгон. Экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк пайда болуп, натыйжада жубайы алган жараакаттарынан улам каза болгон. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2827