Бүгүн, 2-август түшкү саат 14:00 чамасында Чүйдүн Сокулук районундагы Акпай көлү жарылып, кооптуу жайдагы тургундар көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык сел Сокулук – Төш-Булак – Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метрлик жолду жаап калды. Сел аккан жайлоодон куткаруучулар сегиз малчыны үй-бүлөсү менен кошо көчүрүп чыгышкан.
Сокулук – Шаркырытма автоунаа жолу жабык турат. Суунун боюндагы жашоочулар учурга жараша үйүнөн алыс жайларга чыгып кетүүдө.
Чүй облусунун Жарандык коргонуу күчтөрү жана Сокулук районунун ӨКМнин куткаруучулары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүштү.
Кыргызстанда 2 миңдей көл бар, алардын көбү бийик тоолордо.