7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов Олимпиадага катышып жаткан кыргыз спортчуларына кайрылуу жасады

865

Улукбек Марипов Токио (Япония) шаарындагы XXXII жайкы Олимпиадалык оюндарга катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө кайрылды.

«Кымбаттуу спортчулар,

Бүтүндөй өлкө Олимпиада оюндарындагы сиздердин катышууңуздардагы оюндарды толкундануу менен кунт коюп көрүүдө. Олимпиадалык оюндарга катышуу – бул ар бир спортчу үчүн чоң намыс, ошол эле учурда анын кесипкөйлүгүн жана сиңирген эмгегинин таанылышы.

Биздин Олимпиадалык курама командабыз машыктыруучу курам менен биргеликте сыймактынууга татыктуу. Сиздер өлкөбүздүн намысын мыкты деңгээлде коргоп жатасыздар. Сиздер өжөрлүгүңүздөргө, эмгекчилдигиңиздерге жана тайманбас духуңарга жараша олимпиадалык деңгээлге татыктуу экендигиңиздерди далилдей алдыңыздар.

Сиздердин ар бириңиздер – күжүрмөн жоокерсиздер, биз сиздерге ишенип, ар бир жыйынтыкка кубанып турабыз. Сиздер биз үчүн жеңүүчү жана баатырсыздар! Биз сиздердин жеңишке ишенебиз жана бул таймаштарда Кыргыз Республикасынын желеги дагы да желбирейт деп үмүттөнөбүз!», – деди Улукбек Марипов».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

866