7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жабырлануучуну чала тааныштары талаага алып барып сабап, үйүн тоноп кетишкен

824

Жабырлануучуну чала тааныштары талаага алып барып сабап, үйүн тоноп кетишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамаларында жабырлануучунун Москва районундагы үйүнө “А” аттуу чала тааныш киши жанына бейтааныш балдарды кошуп барышып, жабырлануучу күч менен “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү автоунаага салышып, Сокулук району тарапка алып барып, ур-токмокко алышып, кийин кайра үйүнө барышып, М.Р.дин телефонун,  10 миң сом акчасын жана “Мазда-626” үлгүсүндөгү автоунаасын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кетип калышканы маалым болгон.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 1977-жылы туулган Р.А. жана 2002-жылы туулган Т.Б., Ж.У. аттуулар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

825