7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта кызганычтан улам 31 жаштагы жаранды өлтүргөн шектүү кармалды

1052

Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-декабрда болжол менен саат 13:30 чамаларында Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Жаңы-Жер айылындагы көчөлөрдүн биринде 30-35 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу малымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Сокулук РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыккан. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, ал 1991-жылы туулган Н.А. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган Р.Б. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү менен каза болгон жаран ичимдик ичип отурушуп, кызганычтан улам уруша кетишип, жыйынтыгында 1991-жылы туулган Н.А. каза болгону маалым болгон.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1053