Сокулук районунда турак үй өрттөнүп, эки жаран күйүк алганы тууралуу ӨКМден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Новопавловка айылынын Ата-Журт конушунда жыгач устундуу темир менен жабылган 100 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 2 бөлмө, үй-тиричилик буюмдары толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн кесепетинен 2018-жылы туулган Н.С. аттуу кыз денесинен күйүк алып, анын апасы А.А. ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.