Социалдык баракчалар аркылуу Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун айылдык кеңешинин 42 жаштагы депутаты Бакир Исаков Суусамыр дарыясына түшүп кетип, издөө иштери боюнча маалымат тараган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.
Билдирүүгө ылайык, жарандан ӨКМдин 112 кызматына Суусамыр өрөөнүндөгү дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөн.
112 кызматынын нөөмөтчүлөрү бир нече жолу чалуу түшкөндөн кийин, суунун көлөмү көп болуп, түшүүгө кооптуу экенин эскертишкен. Бирок, жаран сууга кирип, жылкысын алып чыгуусун талап кылган.
«11-май күнү саат 11:00 чамасында куткаруучулардын бир нече жолу эскерткендигине карабай Исаков кайык менен өз алдынча сууга кирүүгө аракет кылганда куткаруучу кайыкка түшкөн.
Кайык суунун катуу агымына туруштук бере албай оодарылып кеткен. Жаранды куткарууга куткаруучулар аракет кылышкан, тилекке каршы суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон, ал эми Исаков дарыядан сүзүп чыга албай калган.
Кырсык болоор замат куткаруучулар куткарууга бир топ аракет кылышкан. Издөө иштери ошол күндөн бери жүргүзүлсө да өз натыйжасын бере элек.
Жерине барган куткаруучулар буга чейин суунун деңгээли жогору болгондуктан, түшүү кооптуу экенин айтып, жаранга бир нече жолу эскертишкен.
Бүгүнкү күндө сууга чөгүп кеткен жаранды издөөөгө 20 куткаруучу жана суучулдар кызматынан 5 суучул тартылган. Куткаруучулар топ-топторго бөлүнүп, Суусамыр дарыясында жана жээктеринде издөө иштерин жүргүзүүдө»,- деп берилет билдирүүдө.