Сокулук айылында жансыз денеси табылган эркек кишинин жакындарын милиция издөөдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө 35-40 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнү тактала элек, денеси чирип баштаган.
Белгилери: бою 190 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы сары жана кыска.
Кийген кийимдери: Шорта, кара спорттук бут кийим жана мойнунда чынжырчасы болгон.
Кимде-ким жаранды тааныса, (0312) 45-33-80, 0708 89-00-23 номурларына кайрылса болот.