7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта «жер мафиясынын» мүчөсү кармалды

709

УКМК тарабынан мунапыс берилген жер тилкелерин алдамчылык жолу менен мыйзамсыз сатуунун туруктуу схемасы аныкталып, алардын уюштуруучулары кармалды.

“Гектарщик” жер мафиясы дегендердин мүчөлөрү алдамчылык схемасын уюштуруп, мурда мунапыс алган жер тилкелерине ээлик кылып, потенциалдуу сатып алуучуларды таап, аларга жер тилкесин тескөө боюнча ишеним каттарды беришкен. Ошол эле учурда жер тилкелери үчүн акча каражаттарын алгандан кийин, аталган схеманын уюштуруучулары Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү арыз берүү менен жокко чыгарышкан. Тагыраагы сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Алдамчылык аракеттердин натыйжасында сатып алуучулар өзгөчө ири чыгымга учурашкан. Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

710