7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулуктагы 990 га жер боюнча мурдагы жетекчи менен өкүл баласы кармалды

331

Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагындагы 990 гектар жерди мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.

Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары Р.И.А., «өкүл баласы» болуп саналган «Нива» айыл чарба кооперативинин төрагасы менен сүйлөшүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын балансында турган 990 га аянттагы жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланган. Бул жер участокторун мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 2000-жылдан азыркы мезгилге чейин 74 млн сомдон ашкан.

Мында кыймылсыз мүлк объекттери, анын ичинде дан кампалары, кампа жайлары, өндүрүштүк база мыйзамсыз менчиктештирилген. Р.И.А.га жана анын жакын туугандарына 54 кыймылсыз мүлк объектиси, анын ичинде Бишкек шаарындагы элиталык турак үйлөрдөгү батирлер, Сокулук районундагы соода жайлары, Чолпон-Ата шаарындагы «Келечек» пансионатынын аймагындагы коттедж катталгандыгы аныкталды.

Чогулган материалдардын негизинде коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 21-майда Октябрь райондук соту тарабынан кармалган жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине киргизилди.

 

332