7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулуктагы мурдагы үрөн кампа мамлекетке кайтарылды

128

Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы мурдагы «Карл-Маркс» колхозунун 1,24 гектар үрөн кампасы мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Үрөн кампа имаратын жана ага таандык жердин бир бөлүгүн мурдагы айыл өкмөт башчысы өз алдынча ээлеп, мыйзамсыз курулуш куруп, колдонуп келген. Ал эми үрөн кампанын негизги бөлүгү жергиликтүү элдер тарабынан негизсиз колдонулган.

Буга чейин үрөн кампасын муниципалдык менчикке өткөрүп, инвестиция тартуу максатында оңдоп-түзөө жана жерге болгон мамлекеттик актысын алууда «Кадастр» мекемесинин Сокулук филиалына айрым кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, үрөн кампасын муниципалдык менчикке каттоодон баш тарткан.

Учурда мурдагы айыл өкмөт ээлеп алган жерин өз ыктыяры менен бошотуп жана кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчикке өткөрдү.

129