Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу каналына бөгөт коюу фактысы боюнча Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. жашаган жеринде издөө иштери жүргүзүлүп, материалдар жана буюмдар табылган.
Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.