Кечээ, 19-мартта Казакстанда кезексиз парламенттик жана бардык деңгээлдеги маслихаттарды шайлоо өтүп, өлкө аймагында 10 миңден ашык шайлоо тилкелери ачылган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да атуулдук милдетин аткарып, добуш берген.
Sputnik Казакстан агенттиги жазгандай, буга чейин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган жети саясий партияны каттаган. Анда жалпысынан 281 талапкер бар. Парламентке 98 депутат шайланат. Шайлоо учурунда эч кандай коомдук тартип бузуулар катталган эмес.
Алдына ала маалыматка ылайык, бийликтеги “Аманат” партиясы алдыда келе жатат. Ал экзит-поллдун жыйынтыгында 53 пайыздан ашык добуш алган. “Ауыл” саясий уюму 10 пайыздан ашык, “Республика” экинчи орунда. Беш пайыздык тосмодон “Ак жол” (7,87 пайыз добуш), Казакстан элдик партиясы (6,25 пайыз) жана Жалпы элдик социал-демократиялык партия (ЖСДП, 5,31 пайыз) өттү.
Парламентке алты саясий бирикме келээри күтүлүүдө. Буга чейин Мажилиске бийликчил үч гана партия келген. Шайлоочулардын катышуусу 54 пайыздан ашты.