Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алууну сунуштады. Ал анын президенттиги учурунда жанында жүргөн адамдарды дагы жоопко тартуу маселесин көтөрдү.
Ал учурдагы бийлик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матрамов менен байланышы бар адамдарды аныктоо ишин жүргүзүп жатканда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияда жашап жатканына нааразылык билдирди.
«Коррупцияга каршы аёосуз күрөш болуп жатат. Буга чейин элдин ырыскысын жеп келген «Райым миллионго» табакташ болгон эки-үч депутат кетти, дагы кетиребиз деп аракеттерин кылып атышат. Бирок бүгүнкү күнү ошолордун арасында аты аталбай унутулуп калган, Райымбек Матрамовду саясий аренага алып келген кишилер мамлекеттин төрүндө, мамлекеттин эсебинен жашап жатат. Ал ким? Ал Сооронбай Жээнбеков. Ал президент болгонго чейин губернатор, премьер болду. Аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жакыны Икрамжан Илмияновдор колдоду. Бүгүнкү күнү жоопко тартылбай жүрөт. Канчалаган жаштар кылкылдап көчөдө митингде турганда бир сөз айтпай, «көзү көр, кулагы дүлөй» болуп отуруп, бийлигинен ажырады. Бүгүн мамлекеттик резиденцияда отурганына биз кайдыгер карабашыбыз керек. Сооронбай Жээнбековдун президенттиги учурунда Алмамбет Салиев, Икрамжан Илмиянов деген адамдар бардык тармакты калчап жүргөн, аларды унутуп калышкан болсо, эстетип коеюн» , — деди депутат.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин чыккан башаламандыктардан улам 2020-жылдын 15-октябрында кызматын тапшырган.