Бүгүн, 20 -августта Бишкектин Свердлов райондук соту бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган активист Тилекмат Куреновго карата өкүм чыгарды.
Белгилей кетсек, Куреновго «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар», «Массалык башаламандыкты уюштурууга аракет кылуу» жана «Шайлоочуларды сатып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча да айып тагылган.
Натыйжада, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Куреновду 1 жыл 6 айга эркинен ажыратты.
Эске сала кетсек, Куренов ушул жылдын март айында социалдык тармактардагы постторунун негизинде кармалган.