Азамат Кожомкулов “Түндүк электр” ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул маалыматты компания тастыктады. Ал эми дайындоо боюнча чечимди ААКнын директорлор кеңеши кабыл алган.
Буга чейин «Түндүк электрди» Улан Астаркулов жетектеп келген. Анын дайындалышы узак убакытка чейин чуулгандуу окуялар менен коштолгон.
Азамат Кожомкулов 2010-жылы Токмокто Райондук электр тармагында, 2011-жылы “Түндүк электрдин” коммерциялык директору, 2015 -жылы «Бишкексвет» муниципиалдык ишканасынын башчысы болгон.