7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот департаментине 47 автоунаа тапшырылды (ФОТО)

674

Жогорку соттун алдындагы Сот департаментине 47 автоунааны тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн. Маселен, 2020-жылы бюджет 1,2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3,5 млрд сом болгон.

“Биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн автоунаалар сатылып алынды. Бул автоунаалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алганыбызды белгилей кетейин. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди жаңы техникага ээ болушуңуздар менен куттуктайм. Сот системасы – жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон бийликтин өзүнчө бутагы. Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражат жылдан жылга көбөйүүдө. Соттук отурумдарга сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап технологиялар киргизилүүдө, санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана эсепке алуу системасы киргизилген. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү”, – деди Акылбек Жапаров.

675