7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот департаментинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын башчысы кармалды

260

Коррупциялык кылмыштар үчүн Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы жана Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Атайын кызмат тарабынан облустук сотту жаңы имаратка көчүрүү, эмеректерди демонтаждоо жана кураштыруу ж.б. чыгымдарга байланыштуу расмий тендерлерди өткөрүү фактылары аныкталды. Бул максатка багытталган акча каражаттары афилляцияланган фирмаларга которулуп, андан ары накталай акчага айландырылып, Жалал-Абад облусунун Сот департаментинин башкармалыгынын башчысына ыйгарылган.

Февралында Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору тарабынан Сот департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө табылган мыйзам бузууларды жашыргандыгы үчүн ал Сот департаментинин жетекчисинен акча каражатын алгандыгы аныкталды. Өз кезегинде башкармалыктын жетекчиси кол алдындагылардан акчалай каражаттарды бонустук төлөмдөрдү формалдуу эсептөө аркылуу чогулткан.

Сот департаментинин кызматкерлери тарабынан 7 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы жана Эсептөө палатасынын инспектору кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

261