7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот «Эмаком» курган көп кабаттуу үйдү буздуруу боюнча чечим чыгарды

1013

“Эмаком” Курулуш компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өз алдынча курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн курулушу мажбур иретинде бузулуп, баштапкы абалына келтирилүүсү милдеттендирилген. Бул тууралуу 7-каналга Ош облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

«Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 31-майындагы чечиминин негизинде Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Эмаком” Курулуш компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомуна карата мыйзамсыз курулган курулушту мажбур иретинде өз эсебинен буздуруу жөнүндөгү доо арызы канааттандырылган. Ош шаарынын А.Маматсакова көчөсүнүн 226 дарегиндеги жоопкер “Эмаком” Курулуш компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өз алдынча курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн курулушу мажбур иретинде бузулуп, баштапкы абалына келтирилүүсү милдеттендирилген. Бузуу жоопкер “Эмаком” Курулуш компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомунун эсебинен жүргүзүлүүсү белгиленген. Жогорудагы шаардык соттун чечими менен макул болбой жоопкер “Эмаком” Курулуш компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому апелляциялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана апелляциялык даттануу менен Ош облустук сотунун соттук коллегиясына кайрылган»,- дешти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1014