7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Социал-Демократ” партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды

236

Алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарына талапкерлерди шайлоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды.

Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган. Анын негизинде, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жогорудагылардын негизинде күбө катары “Социал-Демократ” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталган.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.

237