7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Социалдык фонд: 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт

264

1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсия жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 пайызга жогорулап, эң аз 600 сомдон кошулат.

Белгилүү болгондой, былтыркы жыл эң төмөнкү пенсиялар 6 миң 900 сом болсо, эми эң аз пенсия 7 миң 500 сом болмокчу.

“Статистика комитетинин маалыматы боюнча былтыркы жылдын көрсөткүчү боюнча жашоо минимуму 7 миң 100 сомду түзөт. Азыркы жогорулатуудан кийин бул жашоо минимумунан ашык пенсия камсыз кылабыз. Мындан жогору пенсиялар да болушу мүмкүн, мисалы камсыздандыруу бөлүктөрү 10 миң сом андан ашык болушу мүмкүн.”,- деди ал.

265