7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Социалдык инфраструктура калыбына келтирилди» Жапаров жаштар менен футбол ойноду

651

Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыркаган Максат айылынын калыбына келтирилген социалдык инфраструктурасы менен таанышты. 

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Максат айылынын социалдык объектилерин — милиция пунктун, фелдьшердик-акушердик пунктун, футбол талаасын, ошондой эле оңдолгон мектепти көрүп чыкты.

Мындан сырткары, Президентке айылдын таза суу менен камсыздалышы, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөнү, көчө жарыктарынын орнотулганы, муздак жана ысык суунун киргизилиши жана курулуп жаткан бала бакча тууралуу маалымат берилди.

Оңдолгон мектептин футбол талаасын жана спорт залын кароо учурунда Мамлекет башчысы чогулган балдар жана айылдын жаштар командасы менен футбол жана волейбол ойноду. Президент Садыр Жапаров ошондой эле жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн маселелерге кызыгып, айыл аксакалдары менен баарлашты. Жергиликтүү тургундар социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү маселесин ыкчам чечип беришкендиги үчүн Мамлекет башчысына жана өлкө жетекчилигине ыраазычылыктарын айтышты.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

652