7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соцтармактарда издөө салынып жаткан Кеминдик кичинекей кыз Келечектен табылды

296

Мындан 3 күн мурун Кеминде жоголгон кыз Келечек конушунан табылды

Милициянын кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен кызды таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан 3 күн мурун социалдык сайттарда жана WhatsApp группаларда Кеминдик Назима аттуу кичинекей кызга издөө салынып, маалымат тараган.

Бул маалыматка ылайык милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына багыттама берилген.

Бүгүн, 16-январда саат 01:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына белгисиз жарандар тарабынан Келечек конушунда кичинекей кыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаган кичинекей кыз издөөдө жүргөн Назима аттуу кыз экендиги аныкталган.

Кийин Кеминден милиция кызматкерлери чакыртылып, андан ары ата-энесине жеткирип берүү үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

297