7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соттун милдетин аткаруучусу чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталды

600

Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы чет мамлекеттин жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылы аталган Б.Н.М. аттуу жаран президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган жана 2021-жылдын 26-июнунда президенттин жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Андан соң 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган.

Ошону менен бирге, белгиленген процессуалдык тартипте УКМК тарабынан тастыкталып, КР судьялыгына талапкер катары тандоо процессинде ал чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган.

Ошентип, КР мыйзамдарына ылайык, аталган жаран судьялык кызматты ээлей албайт жана ээлебеши керек, анткени ал Кыргызстандын жарандыгынан тышкары чет мамлекеттин жарандыгына ээ.

Ушул жылдын 29-августунда прокуратура тарабынан КР Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясы ал  жаранга карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601