7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Союзбек Надырбеков Мамагенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды

932

Союзбек Надырбеков жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Надырбеков Союзбек Надырбекович 1990-жылдын 16-сентябрында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

Билими:

  • 2008-2009 ж. — Кыргыз-түрк «Манас» Университетинен — эстрадалык вокал боюнча билим алган.
  • 2009-2013 ж. — Бишкек Гуманитардык Университети – Батыш таануу жана эл аралык мамилер  (корей тили).
  • 2009-2012 ж. — Чунг-Ангск университети (Корея Республикасы) – Ичики жана тышкы саясат.
  • 2015-2017 ж. —  — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (академиялык даража «Магистр»).
  • 2017 -жылдан бери- КР Президентинин алдындагы мамлекеттик Башкаруу Академиясы – саясий институт (аспирантура)

Эмгек жолу:

• 2020-2021 ж. – Жогорку Кеңеште «Республика — Ата-Журт» фракциясынын кеңешчи, катчысы.

• 2018-2019 ж. — Координатор King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe (Сауд Аравия);

• 2017-2018 ж. – III- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык жана өткөрүү боюнча мамлекеттик мекеменин  адиси.

• 2016-2017 ж. -Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн жаштар иштери боюнча кеңешчиси.

• 2015-2017 ж. — Asia Children Charity эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору.

• 2013-2015 ж. – KGM жана Luna travel туристтик компаниясынын башкы менеджери.

• 2013-2015 ж. –  «Лидер» жаштар клубунун төрагасы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

933