7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өспүрүм кыздын өлүмү: ИИМ милиция кызматкерин текшерүүгө киришти

202

Ички иштер министрлиги тарабынан милиция кызматкерине карата кызматтык текшерүү дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, ал кызматкер каза болгон жашы жете элек кыздын туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөргө жол берген.

ИИМдин жетекчилиги: кыздын дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз түшкөндөн кийин дароо милиция издөө иш-чараларына киришкендигин баса белгилейт.

Ошону менен бирге айрым кызматкердин айткан сөздөрү жол берилгис болуп, чындыкка дал келбейт жана ички иштер министрлигинин расмий көз карашын чагылдырбайт. Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга жана кызматтык тартипке ылайык катуу чаралар көрүлөт.

«Ички иштер министрлиги маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул кылмыш иши иликтенип жаткандыгын жана жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин билдирет»,-деп айтылат маалыматта.

203