7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чемпиондор лигасы. “Кайрат” “Реал Мадридге” 0:5 эсебинде утулду

423

Казакстандын “Кайрат” футбол клубу Чемпиондор лигасынын алкагындагы оюнда өз талаасында Испаниянын “Реал Мадрид” командасына 0:5 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Оюнда Килиан Мбаппе үч голдун автору болду. Төртүнчү голду Эдуард Камавинга киргизсе, бешинчи топту жаракатка байланыштуу кошулган убакта Брахим Диас киргизди. “Кайраттын” дарбазасын 18 жаштагы Шерхан Калмурза коргоп, көптөгөн соккуларды тосуп калганына карабастан, команда ири эсеп менен жеңилди.

Эске салсак, Чемпиондор лигасынын 1-турунда “Реал” “Марселди” 2:1 эсебинде жеңсе, “Кайрат” “Спортингге” 1:4 эсебинде утулган.

Быйылкы Чемпиондор Лигасынын финалы 2026-жылдын 30-майында Будапешттеги «Пушкаш Аренада» өтөт.

424