7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спирт ичимдиктерин мыйзамсыз ташыган унаа кармалды

553

“Актилек-авто унаа” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын аймагына тиешелүү лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өлкөнүн аймагында спирт ичимдиктерин сатуу жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ишкердик кылган субъекттердин бири тарабынан Кыргызстандын аймагына алынып келингендиги аныкталды.

“Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа кармалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 1800 литрге жакын.

Учурда товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

554