Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астында «Баткенге көмөк» штабы уюштурулган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалдыматка ылайык, Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышууларда жабыркаган мекендештерге жөнөтүү үчүн гумантирдык жардам кабыл алынууда.
» Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунун Лейлек району үчүн келип түшкөн 60 тонна гуманитардык жүктү бөлүштүрүп баштады . Жүктү жеткирүү ыкчамдыгын жана штаб ишинин натыйжалуулугун камсыздоо үчүн бардык гуманитардык көмөктү бир түйүндө топтоо зарыл, себеби Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин транспорту үчүн гана гуманитардык жүк жеткирүү үчүн «Жашыл коридор» уюштурулат»,-деп берилет маалыматта.
«Баткенге көмөк» штабынын координатору катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уюштуруу-инспектордук жана контролдук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Атай Алманбетов дайындалды, телефону: 0552 00 00 95.
Эскерте кетсек, Республикалык штабдын Call-борбору 1227 жана 0705 15 13 00 номурлары боюнча иш алып барууда, ыктыярдуу негизде келип түшүүчү акча каражаттарын топтоо үчүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги» атайы эсеби ачылган.