Тажикстандын аппозициядагы саясатчысы Мухиддин Кабири -кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп жаткан кагылышуу боюнча кыргыз элине кайрылуу жасады. ( Өлкө ичинде аппозицияга орун жок болгондуктан ал чет өлкөдө жашайт)
Карапайым тажик элинин кымындай да күнөөсү жок. Баардык маселени президенти Эмомали Рахмон жана анын кичине группасы чечип олтурат.
«Биз тарыхы, маданияты, дини бир элбиз, тажик эли эч качан, жарандык согуш мезгилинде Кыргызстандын жасаган жакшылыгын унутпайт. Ошол учурда сүйлөшүүлөр Кыргызстандын аймагында жүргөн, миңдеген жарандарыбызды үй, тамак аш менен камсыздап караган. Тажиктер аралык сүйлөшүү Бишкек шаарында болгон, мен да ошол жерде элем, өз көзүм менен көргөнмүн. Ошол учурдагы президенти Аскар Акаев, апасы каза болгонуна карабай, «Тажиктер тынчтык келишимине кол коюп алмайынча, апамын тажиясын өткөрүүгө уруксат бербейм», -деп жаназага катышпай күтүп турган. Кыргыз бийлиги, кыргыз эли үчүң тажик элинин тынчттык сүйлөшүүсү маанилүү болгон. Биз аны эч качан унутпайбыз жана унутпашыбыз керек! «, -деди саясатчы Мухиддин Кабири.