7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбул шаарындагы жарылуу. Садыр Жапаров Түркиянын президентине көңүл айтты

604

Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарындагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

«Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм»,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605