7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулда “Дүйнөлүк хор музыка симпозиуму” өтөт

399

Стамбул — Конгресс туризми (MICE) боюнча дүйнөнүн алдыңкы шаарларынын бири. Жыл сайын тарыхый калаада көптөгөн конгресстер жана жолугушуулар өтүп келет. Быйыл жайында, тагыраагы 25-30-апрель күндөрү “Дүйнөлүк Хор музыка симпозиуму” (WSCM) өткөрүлөт. Пандемиядан улам мындай ири хор жыйындар, симпозиумдарды уюштуруу убактылуу токтоп калган болчу.

Дүйнөлүк Хор музыка симпозиумунун Стамбулдагы программасында, хор менен ырдоо маданиятын өнүктүрүү, даңазалоо, хор музыкасынын горизонтун дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу жана жайылтуу жактарына басым жасалат.
Конгресс туризминде көп жылдык тажрыйбасы бар Стамбул, быйыл 5 континенттин 28 өлкөсүнөн 50дөн ашык спикер, миңден ашуун сүрөтчү жана 2000ден ашуун катышуучуну коноктойт.

Симпозиумдун программасы хор музыкадагы бир катар стиль жана салттарды камтыйт. Түркиядан жана чет өлкөдөн келген өнөрпоздор бир катар концерт, көргөзмөлөр, мастер-класстар, түрдүү маданияттар жана цивилизацияларды бири-бирине жакындаткан музыкалык прогрммаларды, шоуларды өткөрүшөт. Симпозиумга чет өлкөдөн атайын чакырылган 11 хор менен бирге Түркиядан 30дан ашык хор катышат. Түрк жана чет элдик хорлор күн сайын кечинде Галата Мевлеви үйү, Сент-Антуан чиркөөсү жана Гранд Пера сыяктуу Бейоглунун тарыхый жайларында 40тан ашуун спектакль аткарышат.

Хор музыкасы боюнча дүйнөлүк симпозиумуна , Эстониядан Грэмми сыйлыгын алган Эстония филармониясынын камералык хору, Индонезиядан Батавиа Мадригал ырчылары, Ливандан Файха улуттук хору, Джорджия мамлекеттик университетинин ырчылары катышат.
Кечки концерттерге чакырылган хорлор «Өзгөрүүчү горизонттор» темасынын алкагында симпозиум үчүн атайын даярдалган чыгармалардын премьераларын аткарышат. Мадания иш-чара Ататүрк маданият борборунун даңазалуу сахнасында өтөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

400