Издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКНын басма сөз кызматынан билдиришти.
17-мартта УКМК тарабынан ИИМ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында издөөдө жүргөн жаран А.А.К. кармалды.
Ал жарандардын ишенимине кирип, УКМК жогорку жетекчилигинин атын жамынып алып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алган.
Учурда бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.