7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган иш-чара өттү

331

14-сентябрь Стамбул шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган.

“Майрамдык кечеге Түркиянын ар кайсы аймактарынан келген эки миңге жакын мекендештер, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Бардык коноктор үчүн кечки майрамдык тамак уюштурулду”, — деп берилет маалыматта.

Иш-чараны Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ачып берди жана ал мекендештерди азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жана башка көрүнүктүү инсандардын салымын ар дайым эске алууга чакырды.

332