Черная любовь (Kara sevda) сериалында Асунун ролун жараткан Мелиса Аслы Памук актриса эсиңиздеби? Бул макалада Стамбулга эс алууга келип, атактуулукка жеткен Мелиса тууралуу маалыматтарды окуй аласыздар.
1. Актриса Мелиса Аслы Памук 1991-жылы 14-апрелде Нидерландиянын Хэарлем шаарында төрөлгөн. Ал Стамбулда жашайт. Мелиса түрк тектүү, бирок Голландиянын жараны. Учурда анын үй-бүлөсү Голландияда жашайт. Анын жалгыз иниси бар.
2. Ал 14 жашында моделдик кесипти баштаган. Актриса актёрлуктун жана атактуулуктун кыйынчылыктарын айтып келет: «Актёрлук жөнөкөй нерсе эмес. Бул жүктү бирөө көтөрөт, кээ бирөө көтөрө албайт. Атак-даңк оңой эмес. Себеби дайыма эле сен каалагандай ыңгайлуу ойной албайсың. Кээжде мен деле көчөдө эркин жүргүм келет. Бирок мени бирөө көрүп калса, алар эмне деп ойлоп калат деп корком».
3. 2011-жылы Стамбулга эс алууга келип, кокустан “Түркия сулуусу” сынагына катышып жеңүүчү болгон. Андан соң Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өткөн «Аалам сулуусу» сынагында Түркиянын атынан катышкан. Кошумчалай кетсек, 2009-жылы Түркиянын мыкты модели сынагында «Эң мыкты келечектүү модель» наамына ээ болгон.
4. Мелиса Аслы Памук бакалавриат билимин Амстердам университетинин психология бөлүмүндө баштаган, бирок «Мисс Түркия» сынагына катышып, окуусун бүтпөй таштап кеткен.
5. Сулуулар сынагында биринчи орун алгандан кийин Садри Алышык маданий борборунда актёрдук чеберчилик боюнча негизги сабактарды алган. Анын Түркиядагы актёрдук карьерасы телефон операторунун жарнамасы менен башталган.
6. 2014-жылы «Курт жана Сейит жана Шура», 2015-жылы «Кара сүйүү», 2018-жылы «Кагылышуу», 2020-жылы «Жаңы жашоо», 2022-жылы «Кыялдар жана Жашоолор» жана башка сериалдарда ойногон. Ошондой эле 2021-жылы «Караңгы шаар окуялары: Кулпу» тасмасында роль жараткан.
7. Бою 1.76 метр, салмагы 55 килограмм.
8. Түрк, англис, голланд, немис жана орто деңгээлде француз тилдеринде эркин сүйлөйт.
9. 2020-2021-жылдары футболчу Огузжан Өзякуп менен кыз-жигит мамиледе болгон. Актрисанын жүрөгүн ээлеген мырза бар. Ал актёр Мустафа Мерт Коч. Алар 2021-жылдан бери бирге.
10. 12 жашында атасынын талабы менен моделдик агенттикке жазылган Мелиса Аслы Памук журналисттерге берген маегинде: «Мен моделдикти токтотуу үчүн “Түркия сулуусу” сынагына катыштым. Финалга чыгам деген эч кандай оюм жок болчу. Башыма таажы кийгизип, сынактын жеңүүчүсү болгонумда деле адатта моделдикти уланта беришим керек эле. Бирок, сценарийлер келе баштаганда таң калдым. 1,5 жылдан кийин түрк дикциясын үйрөнүү менен актёрдук карьерам “Асмандагы сүйүү» сериалы менен башталды»,-деген.
11. Мелисса күнүмдүк жашоодо көп боёнбойт.
12. Бош убактысында кино көргөндү жана музыка укканды жакшы көрөт.
13. Ал бала кезинде актриса болууну кыялданган эмес, бирок азыр анын башкы максаты күчтүү актриса болуп дүйнө жүзүнө таанылуу.