7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ымыркайын таштап, Түркияга качмакчы болгон келиндин баласы оор абалда

322

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери тарабынан кармалган аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Буга чейин кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери кызынын ымыркай баласы бар экенине карабай кармап кетип анын укугун бузганы тууралуу ЖМКга билдирген.

Милиция берген маалыматка таянсак, аял издөөдө жүргөн жана аны КРнын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кармашкан. Акыйкатчынын Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган аялга барышты. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айтты.

Институттун кызматкерлери Бишкектеги аялдын баласы жаткырылган оорукананын жетекчилиги менен байланышты. Дарыгерлер берген маалыматка таянсак, баланын абалы оор, ал реанимация бөлүмүндө жатат. Акыйкатчы институту бала менен аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Институттун кызматкерлери анын ишин мониторинг кылууну улантат.

Аталган институт Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова баш коргоо чарасын кабыл алууда аялдын баласынын абалы оор экенин, учурда ага апасы абдан керек экенин эске алууну эске алууну белгилеп сотко кайрылды.

“Кармалган аялдын жашы элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандап алууга чакырабыз”,-дейт Токтосунова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

323