7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Статистика: Бир суткада 619 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

554

 Кыргызстанда 12-июнга карата коронавирус дагы 619 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык,

  • Бишкек шаарында – 273,
  • Ош шаарында – 110, Чүй облусу – 99,
  • Ош облусу – 57,
  • Талас облусу – 7,
  • Нарын облусу – 5,
  • Ысык-Көл облусу – 22,
  • Жалал-Абад облусу – 26,
  • Баткен облусу – 20 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 296 адам илдеттен сакайды, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 142,
  • Ош шаарында – 41, Чүй облусу – 42,
  • Ош облусу – 13, Талас облусу – 4,
  • Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 26,
  • Жалал-Абад облусу – 19,
  • Баткен облусу – 2 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 949 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 613 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 255 бейтаптын абалы орто оордукта, 585 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 857 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 669 медкызматкер айыгып чыкты.

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери 109 миң 812 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 314 киши айыгып чыкса, 1 миң 881 адам каза болду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555