7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Статистика: COVID-19 жуккан 383 жаңы учур катталып, 7 адам каза болду

440

Кыргызстанда коронавирус дагы 383 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 177, Ош шаарында – 38, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 161, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 87, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 14, Жала-Абад облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 28, Баткен облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Ысык-Көл облусунда – 2 бейтап каза болду.

«Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 678 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 888 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 83 бейтаптын абалы орто оордукта, 458 адамдын абалы оор жана 105 бейтап өтө оор абалда жатат. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 720 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 606 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери 106 миң 223 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 99 миң 764 киши айыгып чыкса, 1 миң 837 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

441