7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин агасынын атын жамынып,1 млн 250 миң доллар сураган шылуундар кармалды

2354

Президент С.Жапаровдун бир тууганынын атынан жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.», Президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып алып, алдамчылык жол менен жана адамдардын ишенимине кирип алып, калктын керектөөчү товарлары бар контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн, өзгөчө ири суммадагы 1 миллион 250 миң доллар өлчөмүндөгү Казакстан Республикасынын аймагында жайгашкан «M.T.A.» аттуу жарандын каражатын ээлеп алууга аракет кылганы аныкталды.

Аталган факт боюнча КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

2021-жылдын 3-июнунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, талап кылынган суммадан каражаттын бир бөлүгүн алгандан кийин, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.».кармалды. Кармалган «А.М.Б.» КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат. КР УКМК мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын аты-жөнүн жана абройун кылмыштуу максаттарда колдонгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын чегинде катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Белгилей кетчү жагдай, Садыр Жапаров буга чейин, Президенттин атын жамынып жаткандар болуп жатканын билдирген.

“Ушундай фактылар болгон учурда 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө кайрылыңыздар”,- деп билдирет УКМК.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2355