7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин маалымат катчысы саясатчылардын камалышы боюнча үн катты

564

Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Кумтөр» иши боюнча айрым адамдардын кармалышына байланыштуу комментарий берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Эл арасында алтын кенинин айланасында коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө дайыма ачык айтылып келсе дагы, бүгүнкү күнгө чейин „Кумтөр“ боюнча бир дагы терең, объективдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Коомчулуктун талабы менен учурда „Кумтөрдүн“ айланасындагы бардык коррупциялык иштер ар тараптуу каралып жатат. Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аттары да чыгып жатат. Бирок, бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мына ушундан улам, биздин көз карашыбызда, мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан, бул абалга кимдин бирөөлөрдүн мурдагы эмгектерин, ээлеген кызматтарын байланыштырууга болбойт»,-деди президенттин маалымат кактчысы.

«Бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу“ деген сыяктуу билдирүүлөр — орунсуз. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен баардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек», — деп белгиледи Эрбол Султанбаев.

Белгилей кетсек, Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565