7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик жаран ири суммадагы акчасы бар баштыгын май куючу жайга унутуп кеткен

6587

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү чет өлкөлүк туристтин унутуп калтырып кеткен кол баштыгы менен акчасын таап берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну К.Э. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 2-июнунда саат 15:40 чамасында өзү менен бирге турист катары Ош шаарынан Нарын облусуна бара жаткан  Германия мамлекеттинин жараны Гётц С.Г. Токтогул шаарындагы май куючу жайга токтогон учурда, өзүнүн жанындагы кол баштыгын ичиндеги акчалары менен унутуп кетип калгандыгын, ал баштыгын табууга жардам берүүнү суранган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында Токтогул РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык Кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, Германия мамлекетинин жараны унутуп калтырып кеткен кол баштыгын алган жаран аныкталган. Ал Баткен облусунун тургуну 2004-ж.т. И.С. экендиги такталып, ал Ош шаарында жүргөндүгү аныкталып, милиция кызматкерлери аны ошол жерден табышкан. Алдын ала алынган маалымат боюнча аталган жаран жолдо кетип баратып токтоп, ээсиз калган буюмду таап алган. Баштыктын ичиндеги акчаларды короткон эмес. Алынган баштык, акчалар толугу менен Германия мамлекетинин жаранына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, Германия мамлекеттинин жаранынын кол баштыгында 800 АКШ доллары, 800 евро акчасы, 2000 сом жана банк карточкасы болгон. Анын банк карточкасында болжол менен 40миң евро акчасы бар экендиги белгиленген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6588