Жалал-Абадда кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу жана ага мастери студенттен пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлады.
Ноокен районунун 2005-жылкы тургуну арыз менен кайрылган. Анда, Майлуу-Суу шаарында жайгашкан лицейдин директору мамлекеттик экзаменге киргизүү менен дипломун жана аттестатын берүү максатында андан 10 миң сом пара катары талап кылган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.