Жалал-Абад облусунда өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, мыйзамсыз иштерди жасап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул жаран муниципалдык кызматчыларды жана жеке ишкерлерди финансылык-чарбалык ишмердигин текшерүү шылтоосу менен УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгүн колдонуп, акча каражаттарын берүүгө мажбурлагандыгы аныкталды.
«Документтерди жасалмалоо» беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголуп, 24-сентябрда У.С.У.аттуу жаран кармалды.
Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.