Биринчи май районунда жашаган 14 жубай Мендельсондун үйлөнүү үлпөт маршынын коштоосунда маараке Ардак китебине кол коюшту.
Эл аралык карылар күнүн белгилөөнүн алдында Бишкектин Бакыт ордосунда бриллиант, изумруд жана алтын үйлөнүү тоюн белгилеп жаткан жубайлар маараке белгилешти.
Майрамдык салтанаттын катышуучуларын Биринчи май районунун башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова куттуктады.