7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сулайман-Тоо музейинде «Санарип архив бөлмөсү» ачылды

639

Сулайман- Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинде «Санарип архив бөлмөсү» ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Азия маданият борборунун директорунун орун басары Ли Жонгран, Бейзаттык маданий мурастарды изилдөө борборунун директору Хам Ханки жана башкалар катышты.

«Министрдин орун басары Айнура Аскарова музейлерди модернизациялоо, санариптештирүү, инновациялоо боюнча министрлик менен Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борбору өлкөбүздө маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана маданият жаатындагы контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү өнөктөштүк долбоорунун алкагында чоң иштер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду» — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ал, долбоордун алкагында иштелип чыккан музейлердин маалымат системасы аркылуу уникалдуу музей буюмдары, музей коллекциялары, тарыхый булактарды жана баалуулуктар жөнүндө, музейлердин локациясы менен кеңири таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын кошумчалап, ушундай эле бөлмөлөр Улутук тарых музейинде, Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде жана Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборунда ачылып, музей буюмдары жөнүндө кеңири маалыматтарды камтыган музейлердин маалымат системасын толтуруу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Ушундай эле «Санарип архив бөлмө» эми, 1- ноябрь күнү М. Фрунзе үй-музеинде ачылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640