7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султан Раев: Миллиондогон аскерибиз болбосо дагы, миллиондогон сап накыл сөзүбүздү камтыган Манасыбыз бар

132

Кыргыз эл жазуучусу, КР маданиятына эмгеги сиңген ишмер ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев: Улуттук баалуулуктар тууралуу сөз кылганда, байыркы дем менен духту азыркы заманбап мезгил менен синхрондоштуруу керекпиз. Улуттук нарк тууралуу дагы биз азыр ойлонуп калдык, анткени акыркы мезгилде рационалдуу ой жүгүртүүдөн оолактай баштаганбыз. Кыргыз элинде илгертен демократиялык дүйнө кабылдообуз бар болгон. Ушунун баарын бириктирип жана айкалыштырып, жаңы «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» деген уңгужол кабыл алынып, ага президент кол койду.

Улуттук демибизди Манасыбыз өзүнө камтып, кылымдар бою сактап келген жана биздин миллиондогон аскерибиз болбосо дагы, миллиондогон сап накыл сөздөрүбүз болгон, алар муундан муунга өтүп келген жана бул өзүнчө эле бир феномен. Негедир биз өз тарыхыбызды өзүбүз жакшылап иликтеп, академиялык басылма чыгара албай келебиз. Биздин тарыхчылар фарсы, кытай, орус, түрк, мажар архивдерин бая эле казып чыгыш керек эле. Жакында Чыңгыз-хан тууралуу Рашид ад-Диндин жаңыча басылып чыккан китеби Астанада чыкты, барактап көрсөң – кыргыз деген сөздөр көп экен…

Жапониянын бир премьер-министринен – силер кантип ушундай жетишкендиктерге ээ болдуңар деп сураса, ал: билим аркылуу деп жооп бериптир. Анын айтымында, Жапонияда мугалимге министрдин айлыгы берилген, мугалимдерге дипломаттардыкындай кол тийбестик берилген, мугалимге императордук кадыр-барк берилген. Мугалимди сыйлоо – билимди сыйлоо. Ошол себептен бүткүл жапон эли өтө билимдүү жана илимдин ар бир ачылышын дароо өздөштүрүп кете ала турган калк…

133