7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султан Раев: Жапондор айткандай, байыркы улут духуна заманбап билимди кошуп аракеттениш керекпиз

127

Кыргыз эл жазуучусу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев: Кайсы жерде жүрбөгүн, кайсы кызматка дайындалбагын, жазуучу үчүн эң негизги нерсе, анын турмушунун маңызы – чыгармачылык. Мисалга, «Жанжаза» романын мен министр болуп турган кезимде жазгам, «Топон» дагы жооптуу кызматта иштеп турганда жаралган. Жазуучу чыгармачылык үчүн убакытты дайым табыш керек, убакыттын кулу болбош керек, убакыт адамды тушабаш керек.

Чыгармачыл адамдар үчүн мен азыркы мезгилди «пост-Айтматов доору» деп атайм, анткени Чыңгыз-аба кыргыз көркөм сөзүн ушунчалык бийик деңгээлди көтөрүп, биздин адабиятты эл аралык сахнага чыгарып, баарыбыз үчүн өрнөк болду: жазсаңар мына мындай кылып жазгыла дегендей. Азыр ким болбосун эмне жазып жатса дагы ушул нерсени көңүлүнөн чыгарбаш керек, Айтматов көрсөткөн мисалга татыктуу бололу деп.

Акыркы мезгилде дин тууралуу ар башка пикирлер айтылууда жана эгер молдокелер менен дин аалымдары сырткы көрүнүштөрдөн мурда исламдын агартуучулук миссиясына көбүрөөк көңүл бурса, азыркы цивилизация менен шайкеш келет эле. Жалпысынан болсо, биз баардык алдыңкы элдердин жакшы мисалдарын өзүбүзгө курал катары кабыл алып, жапондор сыяктуу байыркы, кылымдар бою калыптанган улуттук духубузду заманбап илим-билим жана сабат менен айкалыштырышыбыз керек.

128