7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мындан ары Кыргызстан өзүнүн жарандары үчүн өзү паспорт басып чыгарат

713

«Сиздер менен дагы бир жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келет. Жыл башында президент Жапаров Кыргызстанда жарандардын улуттук паспортторун басып чыгаруу жакында ишке кирерин билдирген. “Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык. Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан. Паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эмес.

Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мурда чет өлкөдөн буйрутма берип үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин жана элдин акча каражаттарын үнөмдөп калдык. Жыл сайын биз чет өлкөдөн орточо бир жарым миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буйрутма кылчубуз. Канча деген каражаттар абийирсиз адамдардын чөнтөгүнө түшүп турганын элестетсеңиздер. Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорттору чет өлкөдө аныкталган фактылар болуп келген жана алардын даярдалган жерин аныктоо ар дайым эле мүмкүн болгон эмес. Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт. Мындан ары Кыргызстандын жарандарынын бардык улуттук документтери өзүбүздүн өлкөдө басылып чыгарылат, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болот»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714