Уйкусуздук эс тутумду начарлатып, акыл-эс жөндөмүн төмөндөшүнө алып келет. Уйкусуздук көбүнчө башка оорулардан келип чыккан жыйынтык болот.
«Адам ондогон жылдар бою тынымсыз катаал режимде иштесе анын нерв системасы бузулушу мүмкүн. Бул абал уйкуга таасир берет. Ошондуктан 40 жаштан өткөн кишилерде уйкусуздук көп кездеше баштайт. Адамда себепсиз уйкусуздук чанда эле болот. Көп учурда ал тынчсыздануу, депрессия менен байланыштуу. Анын кесепетинен кишинин башы ооруп, акыл-эс жөндөмү төмөндөйт. Эгерде адамда уйкусуздук психикалык абалдан улам жаралган болсо, анда депрессияны, тынчсызданууну жөнгө салуу кажет. Демейде мындай бейтаптар келгенде психиатр менен биргеликте иш алып барабыз. Учурда уйкусуздукту дарылоонун заманбап жана натыйжалуу ыкмасы – когнитивдик жүрүм-турум терапиясы. Бул терапия адамга уйкуну башкарууну үйрөтөт. Мындай дарылануудан өтүүгө шарты болбосо уйку келтирген дарылар жазылат», — дейт сомнолог Михаил Полуэктов Спутник Радиосуна берген маегинде.
Сомнолог адамдын уйкусу жашы өткөн сайын мурдагыдай катуу болбой турганын эскертти.