Султанбаев: Жаңы дайындалган акимдер кадрдык резервде болчу
Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
«Президент Жапаров жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын – Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун акимдерин дайындады.
Белгилей кетсек, акимдик кызматка дайындалган талапкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык кадрдык резервинде болушкан.
Квалификациялык талаптарга жооп берген ар бир каалоочу суроолору ченемдик укуктук актылардын тизмесинин негизинде түзүлгөн тестирлөөдөн өтүп, муну менен акимдердин кызмат ордуна дайындоого сунушталган резервисттердин тизмесине кире алат.
Бул принцип тууганчылык, тааныш-билиштин жардамы менен кызматтарга дайындоону жокко чыгарат.
Кызыккан бардык суроолор боюнча Бишкек шаары, Чүй пр., 122 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине кайрылсаңыздар болот. Телефон: (0312) 66-03-80»,-деди Султанбаев